Menu
Эл-Сөздүк

Милдеттүү төлөнмө нуска

МИЛДЕТТҮҮ ТӨЛӨНМӨ НУСКА – алардын өндүрүүчүлөрү тийиштүү мекемелерге жана уюмдарга, тийиштүү тартипте жана санда акысына берүүсү тийиш болгон аркыл документтердин нускалары. Милдеттүү төлөнмө нускалардын ичине өзүнчө редакциялык–басмалык иштеп чыгуудан өткөн, басмаканалык жактан өзалдынча жасалгаланган, чыгаруу маалыматтарына ээ басмакана продукциялары – басылмалар (тексттик, ноталык, картографиялык, сүрөт); ырасмий документтер – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик органдарынын атынан басылып чыгарылган жана башкалар.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: